Биз менен байланышыңыз

Уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоого 5,7 млн евро грант бөлүнөт

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 339 | 0

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Донорлор ассамблеясынын жыйынында кабыл алынган Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы мурдагы уран өндүрүшүндө рекультивациялоо боюнча эки долбоорду гранттык негизде каржылоого жалпы суммасы 5,7 млн евро өлчөмүндөгү каражат бөлүү чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Ошондой эле, келерки жылдын экинчи кварталында Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайда рекультивациялык чараларды баштоо пландалууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондондо өткөн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсебинин донорлор ассамблеясынын IV жыйында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен радиоэкологиялык коопсуздук маселелерин чечүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылдын майында Европа биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын демилгеси менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү фонду түзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM