Биз менен байланышыңыз

«АКШнын Борбор Азияга болгон саясаты өзгөрбөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 556 | 0

Америкадагы шайлоолор, жаңы президенттин адмнистрациясы түз же кыйыр түрдө дүйнөдө болуп жаткан нерселерге таасирин тийгизет. Мындай пикирин аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир катар мамлекеттер АКШ менен мамиле түзүү боюнча пландын үстүндө иштеп жатышат. Өткөн президенттик шайлоо Америкадагы эң татаал шайлоолордон болду. Башкача айтканда, көйгөйлүү шайлоо болуп, көп маселелер көтөрүлдү.

Бийликке ким келбесин, Американын мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөргө, Борбор Азия мамлекеттерине болгон саясаты өзгөрбөйт. Американын стратегиясы сакталат.

Айта кетсек, АКШнын Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү штаттардагы добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгында президент болуп Жо Байден шайланганын тастыкташты.

Жалпы жыйынтык боюнча Байден 306, Дональд Трамп 232 добушка ээ болгон. Жеңүү үчүн 270 добуш жетиштүү болот.

Эми шайлоочулар коллегиясынын добушун АКШ Конгресси 6-январга чейин расмий бекитүүсү зарыл. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 20-январда өтөт.

Ал эми Трамптын командасы шайлоо жыйынтыгын талашып, соттордо далилдөө максатын улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM