Биз менен байланышыңыз

«Борбор Азиядагы билим берүү кризиси узак мөөнөттүү терс кесепеттерге алып келет»

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 1017 | 1

Пандемиядан улам Борбор Азиядагы билим берүү тармагына келтирилген зыян келечекте экономикалык жоготууларга айланып кетиши мүмкүн, ал болжол менен 44 миллиард долларга бааланат. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банк жарыялаган «Европа жана Борбор Азия боюнча экономикалык көрүнүш: COVID-19 жана Адам капиталы» баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, пандемиядан улам мектептердин жабылышы окуучулардын толук билим алуусуна терс таасир тийгизет. Бул өз кезегинде социалдык теңсиздикти күчөтүшү мүмкүн. Анткени негизги таасир калктын жакыр катмарына тиет. Мисалы, Борбор Азияда эң бай жана жакыр үй-бүлөлөрдүн студенттеринин окуу сабаттуулугунун айырмасы 8-30%га жогорулашы мүмкүн.

Калкынын жарымынан көбү жаштар болгон Борбор Азиянын демографиялык курамын эске алганда, учурдагы билим берүү кризиси узак мөөнөттүү терс кесепеттерге алып келет.

«Борбордук Азия өлкөлөрү бардык студенттер үчүн сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана жаш муун өзүнүн потенциалын ишке ашырышы үчүн окуудагы жоготууларды компенсациялоого көбүрөөк көңүл бурушу керек», — деди Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук.

1 пикир

1 пикир

  1. Нази

    16.10.2020 11:43

    Жогорудагы маалыматка толугу менен кошулам.Билим беруу системасы такыр эле кризистен чыга албай койду.Реформалар балдардын келечегин талкалады.Буга аянтта болуп жаткан окуялар кубо. Бийлик талашкан адамдардын камчысы болуп чабылып,конкреттуу талабы жок жаштарды коруп ыйладым.Кайсы бир олконун келечегин талкалагын келсе билим беруу системасын талкала.Мугалимдердин статусу томондоп,окуучулардын укугу жогорулаган сайын,тартип маселесине конул бурулбай окуу процесси реформа устундо журуп,жыйынтык хаоско алып келип кептеди.Бири-бирин уккан жан жок.Билимдуу,маданияттуу жаштардын аздыгы корунду.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM