Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Айрым өлкөлөргө виза берүүдөгү өзгөрүүлөр боюнча элчиликтер менен сүйлөшүүлөр башталды

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 495 | 0

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап, элчилик Испания, Италия жана Австрия мамлекеттери үчүн визалык маселелер боюнча өкүлчүлүгүн токтотот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат депаратаменти билдирди.

Азыркы учурда бул өзгөрүүлөр боюнча жогоруда аталган өлкөлөрдүн элчиликтери менен консультациялар жүргүзүлө башталды.

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, бул өзгөрүүлөр паспорттун бардык түрүнө тиешелүү. 2020-жылдын 1-январынан баштап аталган 3 өлкөгө виза алыш үчүн кыргызстандыктар Германиянын Казакстандагы элчилигине кайрылышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM