Биз менен байланышыңыз

АКШ кытайлык студент жана окумуштуулардын визасын жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 736 | 0

Вашингтон Кытай армиясына байланыштуу кытайлыктардын визаларын жокко чыгарды. Натыйжада АКШдан миңден ашуун кытайлык студенттер жана окумуштуулар кетип жатышат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти «өлкө Кытайдын Коммунисттик партиясынын аскердик артыкчылыгын орнотуу идеясын жайылтпаган» кытайларга ачык деп эсептейт.

Май айында АКШнын президенти Дональд Трамп кытайлык аспиранттардын жана окумуштуулардын Кошмо Штаттарга киришине чектөө койгон. Вашингтон «АКШга технологияларды жана интеллектуалдык менчикти уурдоо үчүн келип жатышат, бул АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч келтирет» деп эсептейт.

Кытайдын Билим берүү министрлиги АКШ өкмөтүнүн мындай аракеттерине кескин каршы чыкты. Пекин Вашингтонду терең ойлонууга, коомдук пикирди сыйлоого жана эки өлкөнүн элинин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана ага көмөк көрсөтүүгө аракет кылууга  чакырды.

«Биз Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы студенттердин алмашуусун колдойбуз жана Кытайга ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде АКШдан билим алууну каалагандарды кабыл алабыз», — деп айтылат Кытайдын Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM