Биз менен байланышыңыз

Текебаев: 2020-жылы партияларга нааразычылык көп болот

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 535 | 0

2020-жылы чыр-чатак, партияларга нааразычылык көп болот. Бул тууралуу аталган партиянын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл шайлоодо саясий тарыхы бар, ишенимдүү партияларга добуш бериши керек. Анткени саясий тарых  — кепилдик.

«Тилекке каршы, саясатчылар партияны ижарага алып, таксидей пайдаланып жатат. Куру сөзгө эмес, тарыхка ишенүү керек. Бизде саясий оомалык бар, эл кимге ишенерин билбейт», — дейт Текебаев.  

Ал буга чейин парламентке облуска тете райондордон бир да эл өкүлү шайланбай калган учурлар болгонун эске салып, аны туура эмес көрүнүш катары баалады. Ушундан улам, депутаттардын ар бир региондон шайлануусун колдой турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM