Биз менен байланышыңыз

«Коомчулук, талапкерлер преференциалдык ыкма менен шайлоого барууга даяр»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 447 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде бийлик парламентти толук көзөмөлгө алгысы келерин  билдирди.

Анын айтымында, бийлик преференциалдык шайлоо ыкмасына каршы, анткени, бийлик партияларга күчтүү саясатчылардын келишин каалабайт. Себеби мындай ыкма менен түзүлгөн тизме ийкемдүү болуп, андагы тартипти эл аныктайт. Бирок, айрым лидерлер мындан коркот.

Анткен менен, коомчулук, талапкерлер преференциалдык ыкма менен шайлоого барууга даяр.

«Преференциалдык шайлоо ыкмасы кирип калса, капчыгы калыңдарды эмес, элдин добушун ала турган азаматарды жыйнамакпыз. Бирок, бийлик муну колдобосо бул система өтпөйт. Анткени парламент толугу менен президенттик аппараттын көзөмөлүндө. Өткөн шайлоодо аз добуш алгандар тизмеден биротоло жылып, көп добуш алгандар келет дедик. Тилекке каршы, аз добуш алган айрым адамдар убададан тайып кетти. Башка партиялар соттошууга чейин барды. Преференциалдык шайлоо ыкмасы мыйзамдаштырылса, бул маселе өзүнөн-өзү чечилмек. Партияларга башкача шайлоо ыкмасын уюштуруу мүмкүн эмес», — дейт Текебаев.

Copyright © 2017 Maral FM