Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Кыргызстан депутаты аз өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 553 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде парламенттин мөөнөтүн 3-4 жылга кыскартууга болорун билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан депутаттары аз өлкөлөрдүн катарына кирет. Өлкө үчүн 120 депутат оптималдуу вариант. Анткени эл өкүлдөрүнүн саны аз болсо, бири-бирине каршы чыга алышпайт.

-Эл өкүлдөрү аз болсо, парламент коррупциялашып, туугадашып кетүү, сатып алуу, басып алуу коркунучу күчөйт. Ал эми тайпалар пайда болгондо атаандашуу жаралат, — дейт Текебаев.

Саясатчы белгилегендей, парламенттин сапаты алгачкы жолу депутат болуп шайлангандардан көз каранды эмес. Ар бир адамды саясий сапат аныктайт.

Элге Жогорку Кеңешке эрктүү, калктын кызыкчылыгын коргогон жаңы күчтөрдүн келишин камсыз кыла турган талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM