Биз менен байланышыңыз

Япония: 36 адамдын өмүрүн алган аниме студиясындагы өрттү чыгарган адам кылмышын моюнга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 699 | 0

Япониядагы Kyoto Animation анимациялык студиясын өрттөөгө шектелип кармалган жаран кылмышын моюндады. Бул тууралуу Кyodo агенттиги жазды.

41 жаштагы Синдзи Аоба күннөсүн моюндап, максаты анимациялык студиянын кызматкерлери болгонун белгилеген.

18-июлда «Kyoto Animation» студиясында өч алгысы келген адам атайын бензин чачып, өрттү уюштурган. Анын айынан 36 адам каза болду. Дагы 33 адам ар кандай жаракат алган. Өрт чыккан учурда студияда 70ке жакын адам болгон. Өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн.


Жапония: «Kyoto Animation» студиясы өрттөнүп, 10 адам каза болду (видео)


«Kyoto Animation» япон компаниясы 1981-жылы түзүлгөн. «KyoAni» деп кыскартылган анимациялык студия «K-On!», «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад» сыяктуу анимелери менен белгилүү.


Өрт чыккан Киотодогу анимациялык студиясына коркутуулар болгон

Copyright © 2017 Maral FM