Биз менен байланышыңыз

Өрт чыккан Киотодогу анимациялык студиясына коркутуулар болгон

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 542 | 0

«Kyoto Animation» жапон компаниясынын директору Хидэоки Хатта өрт чыккан студияга бир нече ирет коркутуулар болгонун айтат. Бул тууралуу NHK телеканалына билдирген.

Анын айтымында, бир канча жылдан бери «Өлгүлө!» деген жазууларды камтыган электрондук каттар келип турган. Киотодогу студия 1981-жылы түзүлгөн компаниянын борбору болуп саналган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өрттөн 23 адам каза болуп, 35и жараланган. Өрт чыккан учурда студияда 70ке жакын адам болгон.

Өрт атайын уюштурулганы айтылууда. Окуя болгон жерде 41 жаштагы эркек бензин же керосини бар идиш менен кармалган. Шектелүүчү да жабыркап, ооруканада дарыланууда.

Өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн.

Жапония: «Kyoto Animation» студиясы өрттөнүп, 10 адам каза болду (видео)

Copyright © 2017 Maral FM