Биз менен байланышыңыз

Жапония: «Kyoto Animation» студиясы өрттөнүп, 10 адам каза болду (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 838 | 1

Жапониянын Киото шаарындагы анимациялык студиядан өрт чыгып, 10 адам каза болду. Бул тууралуу  Kyodo агенттигине шилтеме жасап ТАСС маалымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык, дагы бир нече адам эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Кырсыктан жалпысынан 40тай адам жабыр таркан. Өрт атайын уюштурулганы айтылууда. Окуя болгон жерде 41 жаштагы эркек бензин же керосини бар идиш менен кармалган. Шектелүүчү да жабыркап, ооруканада дарыланууда.

Жергиликтүү басылмаларга тараган видеодон көрүнүп тургандай, өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Кызматкерлердин айтымында, өрт өчүрүү жана куткаруу иштери дагы деле жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM