Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеши эфирден кайра көрсөтүлмөй болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2019 | 1305 | 0

Өзбекстандын «Спорт» телеканалы 9-ноябрь күнү өтүүчү Өзбекстан-Кыргызстан курамасынын ортосунда жолдоштук беттешти түз эфир аркылуу чагылдырарын билдирди.

Буга чейин Өзбекстан футболдук курамасынын башкы машыктыруучусу Вадим Абрамов оюн эфирден чагылдырылбай турганын маалымдаган болчу. Телеканалдардан көрсөтпөөнү D тайпасындагы башкы атаандашы болгон Сауд Аравия өкүлдөрү команда менен таанышып, изилдеп чыкпасын жана жолдоштук беттешке көбүрөөк көрүүчү келсин деген максатта суранган.

5-ноябрдагы маалымат жыйынында «Телевидение кааласа Кыргызстан менен болуучу оюнду көрсөтө берсин» деген пикирин билдирген. Кийинчерээк Өзбекстандын «Спорт» телеканалы түз эфир аркылуу чагылдырарын жарыялады.

Эске салсак, Өзбекстан-Кыргызстан жолдоштук беттеши 9-ноябрда Ташкент шаарындагы «Пахтакор» стадионунда өтөт.


Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеши телеканалдардан көрсөтүлбөйт


Кошумчалап өтсөк, 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунда Өзбекстан бул ирет Сауд Аравия менен беттешет. Оюн Ташкент шаарында 14-ноябрда өтөт. Өзбекстан менен Сауд Аравия D тайпасындагы башкы атаандаштардан. Учурда Өзбекстан 6 упай менен тайпа ичинде алдыңкы орунду ээлеп турат. Сауд Аравия Өзбекстандан 1 упай артта.

Copyright © 2017 Maral FM