Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеши телеканалдардан көрсөтүлбөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 899 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарында 9-ноябрда Өзбекстан-Кыргызстан курамасынын ортосунда жолдоштук беттешүү өтөт. Беттеш өзбек телеканалдарынан чагылдырылбайт, күйөрмандар жандуу түрдө гана көрө алышат. Бул тууралуу Tribuna.uz порталы жазды.

Оюнду эфирден көрсөтпөөнү Өзбекстан футболдук курамасынын башкы машыктыруучусу Вадим Абрамов суранган.

Машыктыруучу Сауд Аравия өкүлдөрү команда менен таанышып, изилдеп чыгуусун каалаган эмес. Анын айтымында, оюн үчүн атайын ыкмаларды түзүшкөн.

Өзбекстандык футбол федерациясынын сайтында да Өзбекстан-Кыргызстан футболдук беттеши телеканалдардан көрсөтүлбөй тургандыгы айтылган. Ошондой эле күйөрмандар футболго оюн талаасынан күбө боло аларын кошумчалап, билеттер сатылып жатканын билдирген.

Өзбекстан-Кыргызстан жолдоштук беттеши 9-ноябрда Ташкент шаарындагы «Пахтакор» стадионунда өтөт.

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунда Өзбекстан бул ирет Сауд Аравия менен беттешет. Оюн Ташкент шаарында 14-ноябрда өтөт. Өзбекстан менен Сауд Аравия D тайпасындагы башкы атаандаштардан. Учурда Өзбекстан 6 упай менен тайпа ичинде алдыңкы орунду ээлеп турат. Сауд Аравия Өзбекстандан 1 упай артта.

Copyright © 2017 Maral FM