Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик кызмат малга жем берген акырга айланды»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 976 | 0

Мамлекеттик кадр кызматы начар иштегендиктен мамлекеттик бийликке даярдагы жок кызматкерлер келип жатат. Бул тууралуу саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эмне үчүн баары мамлекеттик кызматка барууга кызыгат? Анткени мамлекеттик кызмат малга жем берген акырга айланды. Бийликке барган соң баюуга мүмкүнчүлүк болот. Алсак, эч нерсе кылбай эле ручканын учу менен миллондорду таап жатышат, аны көрүп жатабыз», — дейт Бөрүбашев.

Ал саясий жактан адилетсиздик болуп жатканын, президент Сооронбай Жээнбеков бул маселенин тегерегинде иш алып баруусу кажет экенин белгиледи.

«Ал үчүн Кадр кызматын гана эмес, шайлоо системасын реформалоо зарыл. Бизде түз шайлоо принциби бузулуп, эл шайлоонун ээси болбой калды», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM