Биз менен байланышыңыз

Президент милдеттерин так аткара албай калса, кандай чара көрүлөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 714 | 0

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент милдеттерин так аткара албай калса, кызматынан четтетилет да, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы Башмыйзам президенттик башкарууга ылайыкталып жазылды. Өлкө башчынын функциялары көп болгондуктан, ыйгарым укуктардын көп бөлүгү ыйгарылды. Ошого жараша жоопкерчилиги да кеңири каралды.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча парламент депутаттарынын мандатын чакыртып алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM