Connect with us

«Социалдык мүнөздөгү Конституция жазууга аракет кылдык»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 667 | 0

Конституциялык кеңешке балдар омбудсменин түзүү сунушу түштү. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Сунуш боюнча акыйкатчынын оюн угуп, Орусиянын тажрыйбасын алып, балдардын укугун коргоо боюнча атайын өлкө башчынын өкүлүн киргиздик. Президент Садыр Жапаров да буга макул болду. Социалдык мүнөздөгү Конституция жазууга аракет кылдык. Башмыйзамга көпчүлүк жарандарын сунушу менен коррупция боюнча атайын жобо киргизилди», — дейт Бөрүбашев.

Анын айтымында, Башмыйзамга мындан тышкары, пенсионерлерге, майыптарга, оорулууларга, кароосуз калган балдарга кам көрүү, мамлекет тарабынан шарт түзүп берүү боюнча да жоболор киргизилди. Ага кошумча нравалык баалуулуктар да камтылды. Анткени мамлекетти жалаң мыйзам менен башкаруу жетишсиз.

«Президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат»

Copyright © 2017 Maral FM