Биз менен байланышыңыз

«Президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 1093 | 0

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигин да жетектейт. Мамлекеттик масштабдагы программаны, реформаны ишке ашырууга 5 жыл тардык кылат.

«Президент кааласа 5 жылга чейин деле кызматтан кетсе болот. Эгерде милдетин аткара албаса, кызматтан кетет. Президентке импичментти Жогорку Кеңеш жарыялайт. Башмыйзамдын долбоору боюнча парламентке бир топ укук берилди. Ал эми президенттин Жогорку Кеңешти таратканга укугу жок. Биз балансты сактоого бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшадык», — дейт Бөрүбашев.

«Социалдык мүнөздөгү Конституция жазууга аракет кылдык»

Copyright © 2017 Maral FM