Биз менен байланышыңыз

«Конституциянын жаңы долбоору коомчулукта кеңири талкууланды»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 462 | 0

Конституциянын жаңы долбоору коомчулукта кеңири талкууланды. Мындай пикирин Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча Конституциялык кеңешке миңге чукул сунуш, суроо-талап түштү. Бирок алардын баары кабыл алынган жок, анткени мүмкүн эмес. Башмыйзамга ылайыктуу жоболор киргизилди.

«Жаңы Конституция талкууга коюлуп, Жогорку Кеңеште үч окуудан өтүшү керек, окуулардын ортосунда белгилүү убакыт сакталышы керек» деген ченемдер жаңы Башмыйзамда каралган эмес. Алар — өзгөртүү, мыйзамдар боюнча гана каралган ченем. Ошондуктан жаңы Конституция келечекте кандай болуп кабыл алынарын Жогорку Кеңеш өзү чечиши керек. Жаңы Башмыйзамды кабыл алуунун алгоритми жок, бирок юристтер байкап турат. Парламенттин чечимин күтөлү», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM