Биз менен байланышыңыз

Андижан суу сактагычынан кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 589 | 0

28-октябрда Өзбекстандын Андижан облусунда Түштүк-Фергана каналындагы №1 суу сактагычынан эркек адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу «CA-NEWS» порталы жазды.

Маалыматка ылайык, табылган дене кыргыз жараны Азамат Сатыбалдиевге таандык экендиги аныкталган. Жасаттан эч кандай жаракат байкалган эмес.

Соттук-медициналык эксперт билдиргендей, жаран «жогорку дем алуу жолдорун суюктук жаап калгандыктан улам жаралган механикалык шоктун» айынан каза болгон.

Басылма учурда териштирүү иштери уланып жатканын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM