Биз менен байланышыңыз

Путинди өлтүрүүгө чакырык таштаган эки кыргыз жараны кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 9406 | 1

Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту имараттарга Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген 2 Кыргызстандык жарандарды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, интернет аркылуу бейтааныш бирөө Исломбек Парпиевге Путиндин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул сүрөттү боек жана трафареттин жардамы менен Петербургдагы имараттардын фасаддарына тартууну сунуштаган. Парпиев бул ишке 22 жаштагы Мухаммадазиз Ишматовду тартып, 27-январда бери дегенде 6 имаратта ушундай сүрөттөр пайда болот. Мындай маалыматты шаардык соттун пресс-катчысы билдирди.

Сотто Ишматов күнөөнү моюндаган эмес. Петербургдагы сот Ишматов менен Парпиевди 27-мартка чейин абакта калтырган.

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсесинин кызматкерлери учурда иштин чоо-жайын иликтеп жаткандыгын билдирди.

Орусиянын басылмаларынын жазганы боюнча, шектүүлөрдүн экөөсү тең Ош облусунда туулган.

«Фонтанки» басылмасынын маалыматында, алар буюртманы Телеграм аркылуу бейтааныш адамдардан алган.

Copyright © 2017 Maral FM