Биз менен байланышыңыз

8-марттан тарта ID-карта менен Казакстанга кирүү чектелет

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 662 | 0

Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эртең, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтө алышпайт.

Казак өкмөтү чек арадан төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Дүйнөгө тараган коронавирустан улам, 5-мартта казак тарап кыргызстандык жарандарга ID-карта  менен чек арадан өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген», — деди Абдрахманов.

Казакстандын өкмөтү мындай чечим коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин деп кабыл алынганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM