Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү “күчтүү” паспорттор. Кыргызстан 80-орунда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 1075 | 0

«Henley & Partners» эл аралык консалтинг компаниясы жыл сайын чыгарчу паспорт индексин жарыялады. Анда, Жапониянын паспорту дүйнө боюнча «күчтүү» паспорт деп таанылган. Күн Чыгыш өлкөсүнүн жарандары визасыз эле 191 өлкөгө кире алат.

Ал эми, экинчи орунда Сингапур паспорту турат. Ага ээ болгондор түз эле 190 өлкөгө барса болот. Тизме боюнча үчүнчү сапта – немистер менен түштүк кореялыктардын паспорту турат. Алар 189 өлкөгө визасыз кире алат.

Рейтингде Казакстан 67-орунду ээлеп, Борбор Азия боюнча биринчиликте турат. Казак жарандары 76 өлкөгө визасыз барса болот. Тажикстан 84, Өзбекстан 85, Түркмөнстан 90-катарда. Советтик өлкөлөрдүн ичинен Литва 181 мамлекетке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн «күчтүү» паспорту менен мактана алат.

Ири державалардан алсак, АКШ сегизинчи, Орусия 51, Кытай 71-орунда.

Эң алсыз паспорт Ооганстанга таандык. Бул өлкөнүн жарандары 26 мамлекетке гана визасы жок бара алат. Андан үстүңкү сапта Ирак (28) менен Сирия(29) турат.

Ал эми кыргыз паспорту рейтинг боюнча 107 өлкөнүн ичинен мүмкүнчүлүгү жагынан былтыркы жылга салыштырмалуу 4 позицияга артка кетип, 80-орундан жай алды. Анда кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM