Биз менен байланышыңыз

Эми Өзбекстанда Nike жана Adidas кроссовкалары чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 373 | 0

Өзбекстандын Андижан облусунда Nike жана Adidas кроссовкалары чыгарылат. «Узчармсанат» ассоциациясы дүйнөлүк бренддер менен бир катар келишимдерди түзүүгө жетишкен. Бул тууралуу аталган ассоциациянын башчысы Фахриддин Бобоев «Экономикалык обзор» журналына билдирген.

«Биздин рынокко кирүү үчүн Nike жана Adidas компаниялары менен келишим түзүлдү. Жакында Андижан облусунда спорттук бут кийимдерди чыгаруу башталат. «Сино Интернешнл» ЖЧКсынын заводунда, аутсорсинг шартында 3 миллион жуп бут кийимди дүйнөгө белгилүү бренд менен чыгаруу пландаштырылууда»,  — деп Бобоевдин сөзүн келтирген басылма.

Ал белгилегендей, Өзбекстанда жогорку сапаттагы булгаарынын көлөмү жетиштүү, салыштырмалуу жумушчу күчү бир нече эсе арзан. Бул артыкчылыктар продукция чыгарган белгилүү бренддердин санын көбөйтүүгө жардам берген.

Бобоевдин айтымында, алдыда Борбор Азияны өнөр жай өндүрүш борборуна айлантуу пландары бар.

Copyright © 2017 Maral FM