Биз менен байланышыңыз

Москвада 29 жаштагы кыргызстандык жаран өлтүрүлдү

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 1336 | 0

Москвада катуу таяк жегенден каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды.

Бул тууралуу жергиликтүү күч органдарына таянуу менен орусиялык “Москва” маалымат агенттиги жазып чыкты. Маркум таяк жегенден улам каза болгону айтылууда. Ал 1990-жылы туулган Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

Маалыматка ылайык баш сөөктөрү жарылган жарандын жансыз денеси Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Холмогорск көчөсүнө жакын жерде Ичка дарыясынын жээгинен табылган. Тергөөчүлөр окуя болгон жерден кан жуккан таш, бут кийим, документтери, торбо (рюкзак) жана 500 рубль акча алышкан.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Copyright © 2017 Maral FM