Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы түзүлгөн Патрулдук милиция кызматы ишке кирди (фото, видео)

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 587 | 0

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Буга байланышкан салтанат бүгүн, 31-октябрда өтүп жатат.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, биринчи баскычта бул кызматка сынактан өткөн 262 кызматкер ишин баштады. Алар эми 45 унаа менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүгө киришишти.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Патрулдук милицияны түзүү Ички иштер министрлигин реформалоонун багыттарынын бири болуп саналат.

Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүүгө 2020-жылдагы өлкө казынасынан 184 млн. сом бөлүнгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM