Биз менен байланышыңыз

Мугалим: Окуучулардын өз алдынча билим алуусуна убакыт келди

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Фев 2022 | 717 | 0

Окуучулардын өз алдынча билим алуусуна убакыт келди. Бул — азыркы учурдун талабы. Мындай пикирин мугалим Акылгүл Абыканова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал «мугалим гана окутуп, бүт нерсени үйрөтөт» деген «рамкадан» чыгып, бул көз караштан арылууну сунуштады.

Абыканованын айтымында, окуучулар үчүн интернет айдыңында маалымат булактары өтө көп. Аларды өз алдынча окуп билүүсүнө ата-энелер шарт түзүп бериши керек. Анын үстүнө азыркы окуучулар өтө активдүү, эркиндикти жакшы көрөт. Андыктан аларды мугалимге гана байлабастан, өз алдынчылыкка да үйрөтүү зарыл.

Абыканова өз алдынча билим алууга багытталган жаңы пилоттук долбоор окуучулардын каалаган учурда окуусуна, керектүү материалдарды алуусуна, теманы терең түшүнүүсүнө жакшы натыйжа бергенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM