Биз менен байланышыңыз

«Окуучуларды өз алдынчалыкка үндөгөн программа жакшы натыйжа берди»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Фев 2022 | 1153 | 0

Хан академиясы Кыргызстанда былтыр октябрь айында расмий түрдө ачылыш жасап, башталгыч класстар үчүн дүйнөлүк денгээлдеги алгачкы акысыз онлайн платформаны кыргыз тилинде иштеп чыккан. Азыркы тапта бул платформаны кантип колдонууну ар бир билим алуучуга жеткирүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Хан академиясынын Кыргыз пилоттук программасынын менеджери Таңсулуу Кудайбердиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Аталган пилоттук долбоор Бишкектин «Сейтек» мектебиндеги 2-класстын окуучулары менен өткөрүлдү. Бул программа окуучулардын өз алдынча окуп, билим алуу жөндөмүн өнүктүрөт.

Кудайбердиева белгилегендей, пилоттук долбоордун негизги максаты окуучуларды өз алдынча билим алууга шыктандыруу болуп саналат. Анда атаандаш ресурс катары Хан академиясынын Кыргыз сайты көрсөтүлгөн.

Өз алдынча билим алууга кантип умтулуу жана шыктандыруу керектиги жөнүндө мугалимдерге семинарлар өткөрүлсө, окуучуларга Хан академия сайтына кантип катталуу жана электрондук почтаны кантин ачуу керектиги жөнүндө техникалык тренингдер болуп өттү. Пилоттук программага 61 окуучу катышып, 6 мугалим менен иш алып барылды.

Менеджердин айтымында, долбоордун жыйынтыгында окуучулар жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Белгилей кетсек бул платформа дүйнөдөгү эң чоң акысыз онлайн мектеп жана 51 тилге которулган. Кыргызстандын бардык окуучулары бул платформага акысыз катталып, билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM