Биз менен байланышыңыз

1-июлдан электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор иштейт

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 583 | 0

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-июлдан тартып электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр ыктыярдуу негизде пилоттук долбоорго катышууга укуктуу. Анын төлөөчүсү катышуу тууралуу чечим кабыл алган учурда электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталат.

Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө үчүн салык төлөөчүдө электрондук колтамга болушу зарыл.

Пилоттук долбоорго катышуу салык төлөөчүлөргө маалыматтык системанын иши менен алдын ала таанышып, зарыл болсо аны жакшыртуу жана толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM