Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция кызматын түзүү башталды

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 659 | 0

Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Долбоордун стратегиясы жана кадамдык планы өлкө президентинин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан.

Патрулдук милиция кызматын кайра түзүүнүн негизги максаты — жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түптөө болуп саналары айтылат.

Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жана Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтууга багытталат.

«Долбоордун алкагында 2019-жылдын 6-майы күнү патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды. Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнга чейин уланат. Ага бардык каалоочулар катышса болот. Өзгөчө жарандык коомдун өкүлдөрүнө көбүрөөк артыкчылык берилет. Сынак курамына ИИМдин кызматкерлеринен жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирген атайын коммисиянын көзөмөлүндө ачык-айкын өтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Катышуучуларга болгон квалификациялык талаптар жана сынактын шарттары жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарынан, ЖКККББнын сайтынан, же  (312) 63- 09-01, (312) 63-02-53, (312) 63-12-75 телефондору аркылуу алса болорун ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM