Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Патрулдук милиция кызматын түзүү ишке ашырыла баштады

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 1058 | 0

Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган долбоордун стратегиясы жана кадамдык планы өлкө президентинин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан.

«Бул кызматты кайрадан түзүүнүн негизги максаты — жарандар ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү. Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтуу маанилүү максаттардан болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы түзүлгөн милиция кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу, аларды автоунаа, байланыш каражаттары, компьютердик каражаттар сыяктуу  заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, андан сырткары, кызмат өтөөнүн жаңы стандартын окутуу каралууда. Ошондой эле, коррупцияга каршы алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет.

Долбоордун алкагында, патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды.

Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнуна чейин уланып, ага бардык каалоочулар катышса болот.

Сынактык тандоодон өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык курстук окуудан өтүшөт. Андан соң, Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгында кызмат өтөп башташат.

Copyright © 2017 Maral FM