Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келген 50 тоннадан ашык алма артка кайтарылды

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 2551 | 1

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Кытайдан келген өсүмдүк продукцияларын кайра кайтарды. Бул тууралуу аталган департаменттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-кытай «Торугарт» чек ара өткөрмө пунктунда 29-октябрда Кытайдан ташылып келген фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган 50 тоннадан ашык эки партия алма кармалган.

Коштоочу документтерди жана жүктү текшерүү учурунда, карантинге алынган продукциялардын партиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу менен ташылгандыгы аныкталган.

1 пикир

1 пикир

  1. Мен

    31.10.2019 14:39

    Кытайдан неге алма киргизет.озубуздун таза алмалар отпой жатса.ички рынокту ким колдоп сактайт анда.Озубуздо бар нерсени сырттан киргизуунун кажети барбы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM