Биз менен байланышыңыз

Муллаккелдиев: азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жок

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 387 | 0

Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жок. Анткени бүгүнкү күндө 615 миң тоннадан ашык буудай жыйналды. Ал жалпы керектөөнүн 70%ын түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык -түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллаккелдиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буудайдын айдоо аянттары жылдан-жылга кыскарууда. Анткени дыйкандар кирешелүү продукцияларды өндүрүүгө өтүп жатышат.

«Акыркы убакта буудайдын баасы 8 сомго чейин төмөндөп кеткендигине байланыштуу дыйкандардын көпчүлүгү арпа айдоого өттү. Быйыл арпанын түшүмү жакшы болуп, кийинки жылы да буудайдын айдоо аянты 13 миң гектарга кыскарып, анын ордуна арпа себилери күтүлүүдө», — дейт Муллаккелдиев.

Муллаккелдиев өлкөдөгү жерлер жеке менчикте болгондуктан, министрлик дыйкандардан буудай айдоосун талап кыла албай турганын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы Орусия менен Казакстандан 105 миң тонна ун азыктары жана 56 миң тонна буудай ташылып келген. Ал эми Кыргызстанда жылына 650 миң тоннанын тегерегинде буудай өндүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM