Биз менен байланышыңыз

Оштогу соода борборлорунда азык-түлүк жетиштүү

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 454 | 0

Бүгүн, 31-мартта вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода борборлорду кыдырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” соода борборлорунда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришти.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып тураарын айтты.

Шаар мэри аталган соода борборлордун жетекчилерине азык-түлүктөрдү буйрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын жандандырууну сунуштады.

“Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат», — деди мэр Сарыбашов.

Соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу эртең мененки саат 8:00 дөн кечки 17:30 гө чейин туруктуу иштеп жатат.

Кошумчалай кетсек, Оштогу “Фрунзе” гипермаркетинде азык-түлүк жеткирип берүү кызматы иштеп жатат. Ал үчүн 0559-95-01-98 номуруна whatsapp аркылуу жазып же чалып буйрутма берсеңиз болот. Буйрутма кылган азык-түлүк же буюмдардын баасы дүкөндө көрсөтүлгөн баада өзгөртүлбөй жеткирилип, накталай төлөм кабыл алынат.

Буйрутманын жалпы суммасы 500 сомдон кем эмес болушу керек. Жеткирип берүү акысы 150 сомду түзүп, шаар ичинде гана саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM