Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Кыргызстандын деңгээли 1990-жылдарга кайткандай

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 793 | 0

Кыргызстанда инвестициялык климатка кооптуу жагдай бар. Анткени жергиликтүү ишкерлерге кол салуу болуп жатканда, чет өлкөлүк ишкерлер жаа бою качат. Бул тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук бул — капитал тартуунун негизги шарты. Өлкөдө криминогендик абалды жоюу керек. Анткени ал саясат эмес.

«Криминалдар башын көтөрүп, күчөп жатса, кайдан ишкерчилик болуп, капитал кирет? Африканын абалына туш келатабыз. Жадагалса, Кыргызстанга салыштырмалуу Африка мамлекеттеринин 2/3 бөлүгүндө мыйзам, укук талаасы эбак орноп бекемделген, динамикалык өнүгүү болууда. Ал эми Кыргызстандын деңгээли 1990-жылдардагы абалга кайткандай сезилүүдө», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM