Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кыргызстан Түрк кеңешин инвестициялык кызматташууга өткөрүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 445 | 0

Кыргызстан Түрк кеңешин экономикалык жана инвестициялык кызматташууга өткөрүшү керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Түрк кеңеши менен бирдиктүү долбоорлорду даярдап, фонддорду түзсө жакшы болот. Бирок аталган кеңешти саясий, экономикалык уюмга айлантуу кадамдары жасалууда. Мындай көрүнүш Кыргызстанга гана таандык эмес.

Борбор Азияда 3 чоң күч бар. Алар: Орусия, Кытай жана Батыш өлкөлөрү.

«Эгерде түрк тилдүү мамлекеттер кызматташууну жогорке денгээлге чыгарып, бири-бирине болгон ишенимди арттырып, өз өрөөнүбүздө чоң күчкө айлансак, чоң күчтөр менен сүйлөшүүлөр кескин өзгөрөт. Баарыбыз бириксек, жок дегенде өз чөлкөмүбүздө күчкө айлануу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгерде Түрк кеңеши көнгөн адаты менен иштесе, анда ийгиликке жетүү кыйын», — дейт Бешимов.

 

Copyright © 2017 Maral FM