Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кыргызстандын Батыш менен кызматташуусу «паузада» турат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 мая 2021 | 653 | 0

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, серепчи Аскар Бешимов «Маралга» берген маегинде «АКШнын аскер базасынын Кыргызстанга кайра киргизилиши мүмкүнбү?» деген суроого өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул маселеде АКШ Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрөт. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстандын Батыш өлкөлөрү менен кызматташуусу «паузада» турат.

«2015-жылы Атамбаев президент болуп турган кезде биз АКШ менен келишимди бир тараптуу бузганбыз. Европа Биримдиги менен келишимди узартпай койгонбуз. Бүгүнкү күнү биздин алар менен укуктук талаабыз да жок.  Укуктук талаа болушу үчүн биринчи кадамдар да болушу керек. Бирок мен учурда сүйлөшүүлөр болуп жатат деп ишенем. Алар баары менен сүйлөшүп көрөт.

Казакстанды Афганистандан алыс деп жатышат. Өзбекстандын Коргоо министри азыртан эле аларга четтен база кереги жок экенин жарыя  кылды. Бирок биз кайдан билебиз, бул балким сүйлөшүүнүн алдында бааны көтөрүү үчүн дипломатиялык ыкма? Сөзсүз түрдө аны база деп атабашы мүмкүн. Башка ат менен деле ачышы мүмкүн. Менин баамымда, бул иш июлдун аягына чейин бүтөт», — дейт Бешимов.

Copyright © 2017 Maral FM