Биз менен байланышыңыз

Азыркы кырдаалда кандай элчи керек?

Саясат | 12 Фев 2021 | 1081 | 0

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси кызматына сунушталып, талапкерлиги каралып жатканын маалымат каражаттарына өзү ырастады. Анын айтымында, бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун макулдугу бар жана АКШ тараптын макулдугу күтүлүп жатат.

Ал эми Орусиядагы элчиликке Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат талапкер катары сунушталганы расмий эмес булактарда айтылууда.

Бул сыяктуу алдын ала көрсөтүүлөр боюнча социалдык тармакта жана дипломаттар арасында түрдүү пикирлер козголууда. Биз алардын ой-пикирлерин угуп көрдүк.

Айтымдарында, элчилер Кыргызстандын кызыкчылыгын, ошол өлкөдөгү саясатын, эки өлкө ортосундагы карым-катышты жүргүзүп турган адам катары ар тараптуу дасыккан адис болуусу зарыл.

Дипломат Аскар Бешимов элчи жөнөтө турган өлкө менен кызматташууда кайсы маселе алдыга коюлуп жатканына, ортодо кандай максаттары бар экенине жараша кадрдык тандоо жасоо керектигин айтат.

«Жаңы бийлик өзүнүн максаттарына жараша кадрдык тандоо жасайт. Биз ар кайсы мамлекет менен ар кандай багыттарда кызматташабыз. Өлкөлөр менен катышууда кандай максаттарды алдыга коюп жатабыз, ошого жараша элчи тандоо зарыл. Анан бул багыттарда сүйлөшүү жүргүзө алган даяр кадр коюлушу керек». 

Аскар Бешимов тышкы саясатта бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болуу зарыл экенин, ал эми кадрды тандоодо экинчи мамлекеттин кийлигишүүсү же жеке саясий кызыкчылыкты көздөөсү болбошу керектигин белгилейт. Буга чейин айрым саясий дайындоолор кээ бир маселелердин чечилишин создуктурган.

Ал эми көз карандысыз юрист, дипломат Темир Нурматов айрыкча кошуна өлкөлөр ортосунда чиеленген курч маселелер бар, андыктан бул өлкөлөргө элчи дыкат тандалышы керек деген пикирде.

«Кээ бир өлкөлөр ортосунда көптөн бери чечилбей келген түйүндөр бар. Айрыкча кошуна өлкөлөр менен маселелер көп. Ал түйүндөрдү чече алган, ишти алга жылдыра алган дасыккан элчилер тандалуусу керек. Өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууну бекемдей алган элчи тандалышы зарыл. Ал президенттин ишенимдүү өкүлү болот. Бизде мыкты кадрлар бар. Аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Азыр иштеп жаткан элчилер арасынан да татыктууларын ордунда калтыруу керек». 

Бирок айрым учурларда элчилердин арасында жосунсуз аракеттерди жасап, өлкөнүн беделине шек келтирген учурлар болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Айнур Жоробекова билдирип, жаңыдан дайындалган элчи үй-бүлөсү менен кошо атайын окутуудан өтүшү керектигин айтат.

«Академияда жаңы дайындалган элчилер үчүн атайын курс бар. 72 сааттык окутууда дипломаттарга тийиштүү бардык талаптар үйрөтүлөт».

Элчини дайындоо жараянына ылайык, талапкер президент жана премьер-министр тарабынан сунушталат. Ага үч айдын ичинде экинчи өлкөнүн макулдугу берилген соң, Жогорку Кеңеш аркылуу өтүп, өлкө башчысы кызматка бекитет.

Copyright © 2017 Maral FM