Биз менен байланышыңыз

«Үч чоң өлкө тирешсе, Кыргызстанга терс таасир этет»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 1233 | 0

Орусия, АКШ жана Кытай мамлекеттеринин ортосунда чоң тиреш башталып кетсе, Кыргызстанга экономикалык гана эмес, коопсуздук жагынан да таасирин тийгизет. Анткени Кыргыз Республикасы өзүнчө стратегиялык аймак. Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде айтты.

Анын баамында, Орусия менен Кытайдын ымаласы бузулду. Элчиликтерин чакыртып алып жатканы мамилелер начарлап, эски система ураганынан кабар берет. Келечекте аталган өлкөлөрдүн ортосунда кандай алака түзүлөрү белгисиз. Эмне болуп кетерин эч ким так айта албайт.

Ал эми Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов АКШ үчүн Орусия душман, Кытай атаандаш экенин белгиледи.

«2020-жылы «кызыктуу окуялар» көп болду»

Copyright © 2017 Maral FM