Биз менен байланышыңыз

«2020-жылы «кызыктуу окуялар» көп болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 1096 | 0

2020-жылы пандемиядан сырткары эл аралык коомчулукта «кызыктуу окуялар» көп болуп, чоң өлкөлөрдүн ортосунда тирешүү көбөйүп кетти. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тирешкен тараптар өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында чоң салгылашууларга барбастан, чакан өлкөлөр аркылуу күчүн көрсөтүп жатышты.

Бир катар мамлекеттерде шайлоолор өтүп, айрымдары нааразычылыктар менен коштолду.

«Кыргызстан да октябрдагы башаламандыктары менен «кызыктуу окуялардын» катарын толуктады. Тоолуу Карабах көйгөйү да — ири окуя. Анткени кадимкидей эле 44 күндүк согуш болуп, жаңы ыкма, технологиялар пайдаланылды. Азербайжандын 8 районун кайтарып алганы — чоң утуш, кубантарлык окуя. Бул баарыбызга үлгү болду», — дейт Бешимов.

«Пандемия дүйнөлүк системанын өзгөрүүсүн тездетти»

 

Copyright © 2017 Maral FM