Биз менен байланышыңыз

«Пандемия дүйнөлүк системанын өзгөрүүсүн тездетти»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 935 | 0

Пандемия дүйнөлүк системанын өзгөрүүсүн тездетти. Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде айтты.

Анын баамында, келечекте дүйнөлүк экономика, коопсуздук жана мамлекеттик системалар өзгөрөт. Муну мурунтан эле илимпоздор айтып келишкен. Айрым өлкөлөр этап-этабы менен жаңы системага өтүү аракетинде. Пандемия бул процессти тездетти.

Темиркулов Белгиянын мисалында коронавиуска байланыштуу чектөөлөрдөн улам саясий партиялардын негизинде түзүлгөн мамлекеттик система урап жатканын айтып өттү. Бара-бара саясий партиялар жок болорун белгиледи.

«Белгияда 2 жылдан бери өкмөт жок, саясий партиялар кыйналып жатат. Бизде деле партиялардын негизинде түзүлгөн система урап, жокко чыгууда. Демек, келечекте бул система жок болуп, ордуна жаңысы түзүлөт. Саясий партиялар жок болуп, бара-бара электрондук демократияга орун бошотулат. Анткени партиялар — жаран менен бийликтин ортомчулары. Жаңы технологиялардан улам бизге бул ортомчулардын кереги жок болуп калды», — дейт Темиркулов.

Анын пикиринде, учурда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн коопсуздук системасы урады. Келечекте жаңы система түзүлөт, ал — азырынча белгисиз.

Бешимов: Пандемиянын пайдасы да болду

Copyright © 2017 Maral FM