Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Пандемиянын пайдасы да болду

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 844 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосуна берген маегинде пандемиянын пайдасы да болгонун билдирди.

Анын айтымында, пандемия саламаттыкты сактоо тармагынын гана эмес, мамлекеттик башкаруунун да күңгөй-тескейин көрсөтүп койду.

«Кайсы өлкө элин ойлоп жатат, пандемияга туруштук бере алабы, албайбы, ачык көрсөттү. Кыргызстанда бардык нерсе урап түштү. Алакан жайып отуруп калдык. Ал эми коронавируска каршы вакцина да — эки тараптуу маселе. Бир жактан, вакцина чыгаруу саясатка айланып кетти. Экинчиден, коронавирустун жаңы түрү чыкты, бул — абдан коркунучтуу. Коомчулук карантинде отуруп корккондон тажады. Бирок экинчи толкун келе жатат», — дейт Бешимов.

Ал коронавирус узакка созуларын кошумачалады.

Copyright © 2017 Maral FM