Биз менен байланышыңыз

Аскар Бешимов: Дүйнө Баткен коогасын жылда болуп келген суу чыры катары кабылдады

Кыска кабар , Пикирлер | 11 мая 2021 | 782 | 0

Дүйнөлүк коомчулук Баткендеги окуяда эки тарап тең күнөөлүү деген ойдо калып жатат. Буга расмий Бишкектин кандуу кагылышууга ушул кезге чейин саясий баа бербей жатканы — себеп. Мындай пикирин серепчи Аскар Бешимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушул күнгө чейин расмий позициянын жоктугунан дүйнөлүк коомчулук муну жылда суу талаштан улам боло жүргөн чыр катары кабылдап жатат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин бүгүнкү «Муну менен окуя бүткөн жок, жыйынтык чыккан жок» деп тараптарды сүйлөшүүгө чакырган билдирүүсү дал ушундан кабар берет.

«Бизге кол салуу болуп жатса, бизди кайра тынчтыкка чакырып жатышат. Эгер саясий баа берилбесе, ушунча адамдын эмнеге каза болгону бүдөмүк бойдон калып калат. Мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн расмий Бишкек буга баа бериши керек. Абалды курчутуу үчүн эмес, дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү үчүн. Жөн калып кетсе, «бул ыкманы колдонсо болот экен, башка маселелерди күч менен чечсе болот экен» деген ой калат. Көз карандысыз эксперттерди чакырып, «ким кимди басып алганын өзүңөр талдап, чечим чыгаргыла», — деш керек. Ал узак мөөнөттө чыгат, бирок жыйынтык болот. Кийинки жолу тажик тарап мындай кадамга баруудан мурун ойлонуп иш кылат», — дейт ал.

Ал ошондой эле  Тажикстан 2012-жылы Өзбекстандын Фархад ГЭСинин плотинасын күч менен тартып алганын, 6 жылдан кийин гана эки тарап суу бөлүштүрүүчү жайды бирдей иштетүү келишимине кол коюшканын эскертип, Баткен коогасындагы тажиктердин бир максаты «Головной» болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM