Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы карама-каршылыктарды жокко чыгарышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2019 | 666 | 0

ЕАЭБдеги өлкөлөр биримдиктин талаптарына туура келбесе да өз кызыкчыгын колдоп жатат. Алсак, Казакстан тарап чек араны жаап коюп, кыргызстандык ишкерлер зыянга учурады. Мындан сырткары, Орусия акча которууларга чек койду. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБде позициясын толук кандуу тактап, аны коргоону кааласа, биримдикте болуп жаткан маселелерди көтөрүшү керек. Анткени жогорудагы аракеттер ЕАЭБде каралган шарттарга, келишимдерге каршы келет.

«Биримдиктин ичинде ар кандай талкуулар болуп жатат. Кыргызстан да маселелерди ортого коюп талкуулап, карама-каршылыктарды жокко чыгарышы керек», — дейт Бешимов.

Copyright © 2017 Maral FM