Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Калыков: Бир күндө 10 тойго ырдаган учурлар болот

Көңүл ачуу , Марал шоу | 24 Окт 2019 | 1047 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Евразия жылдызы” сынагынын жеңүүчүсү Гүлжигит Калыков “Марал шоу” программасында конокто болду.

-Гүлжигит, акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз?

-Жакын арада “Жаным ай” жана “Жайна” аттуу чыгармаларымды жаздырдым. “Жайна” ырым 80-жылдардын стилинде, ал эми “Жаным ай” чыгыш багытында жазылды.

-Сахнадан же эфирден уят болгон күнүңүздү эстебейлиби?

-Эфирден уят боло элекмин, бирок сахнадан жандуу үн менен ырдап жатып, ооруп жатканыма байланыштуу улуу музыканттардын астында катуу уят болгонум эсимде.

-Жеке жашооңуз тууралуу кеп салып берсеңиз?

-Үч жыл мурун үй-бүлөлүк жашоого аттангам. Жубайымдын аты Айпери, менден төрт жашка кичүү. Учурда эки баланын сүйүктүү ата-энесибиз, көз тийбесин, баардыгы сонун.

-Кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасыз?

-Жубайымды уят кылбаганга, жаман сөзгө кабылбаганга аракет кылам. Ачыгын айтканда, кайнатам мени “чыгармачыл адамсың, жумуш кылбашың керек” деп жумшабайт. Ар дайым мени түшүнүп, сыйда жүрөбүз.

-Күз мезгили, тойдун убагы. Бир күндө канча тойго барасыз жана жүз миң сом тапкан учурларыңыз болгонбу?

-Айда-жылда андай учурлар болуп турат. Ар кандай, кээде такыр жок, кээде он тойго чейин жетет.

-Кайсы мамлекеттик кызматты ээлегиңиз келет?

-Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматты аркалаш кыйын болуп калды. Доктор болом деген кыялдар болгон. Шартка байланыштуу, жашоонун агымы менен ал кыялды ишке ашыра албай калгам.

-Өзүңүз тууралуу  беш факт айтып берсеңиз.

-Уй саагам, нан бышыргам, уктаганды жакшы көрөм, пунктуалдуумун, тазалыкты сүйөм.

Продюсериңиз Канат Култаев менен канча жыл иштештиңиз?

-2010-жылдан 2013-жылга чейин чогуу иштешкенбиз. Андан соң, үч жыл, тактап айтканда, 2016-жылдан ушул жылдын 1-октябрында контракт аяктап, кайрадан жалгыз иштөөдөмүн.

Маегиңизге рахмат, ийгилик сизге!

Copyright © 2017 Maral FM