Биз менен байланышыңыз

Көчөдөн атып кетишти деген кыргызстандык боюнча элчилик билдирүү жасады

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 1008 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Всеволожск районунда кыргыз мигрантын көчөдөн атып кетишти деген маалымат боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Орусиянын Санкт-Петербург шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын №81чи бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя дүйшөмбү күнү, 21-октябрда түндө Шувалов көчөсүндөгү №4 үйдүн жанында болгон. Ок тийген жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок, керектүү медициналык жардамды алгандан кийин ооруканадан качып кеткен.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, элчилик аталган иштин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулу укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда.

Көчөдө турган кыргызстандыктын жанына 20-25 жаштардагы өңү европалык эки адам келип чылым (тамеки) сурашкан. Тамеки бербегенден соң аны тапанча менен көкүрөк тушуна жана бутуна атып, кетип калышканын жергиликтүү басылмалар окуянын күбөлөрүнө таянып билдиришкен.

Окуя боюнча Всеволожск районунун полициясы териштирүү ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM