Биз менен байланышыңыз

Президент «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 483 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Токио шаарында «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Көргөзмөдө өзүнүн даамы жана накталыгы менен таң калтырган кыргыз балы дагы көрсөтүлдү. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык алаканы өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин жолугушуубуз бул багытта кошумча дем берет деген ишенимдебиз», — деп билдиришти «Ротобо» ассоциациясынын мүчөлөрү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул бизнес-ассоциациясынын ишмердиги кыргыз-япон мамилелеринин тереңдешине чоң салым кошуп, ата мекендик айыл чарба продукциясынын Япониянын рынокторуна экспортун кеңейтүүгө таасир эткенин өзгөчө белгиледи.

«Сиздердин колдооңуздар менен Кыргызстандын ишкерлери Японияда түрдүү көргөзмөлөргө катышып, япон ишкерлер чөйрөсү менен мамилелерди түзүүдө. Кыргызстан экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатууга аракетин жумшап, Япония менен бул багытта иштөөгө кызыкдар», — деди мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы кезектеги кыргыз-япон ишкерлер форумун өткөрүү боюнча пландары менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо жана мындан да жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясы 1967-жылы негизделген. Аталган бирикме КМШ,  жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен бизнес кызматташтыктын өнүгүүсүнө жардам берет.

 

Copyright © 2017 Maral FM