Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: «Спорт шаарчасына» бир нече спорттук мекемелер курулат

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 2512 | 0

Бишкекте «Спорт шаарчасынын» аймагында бир нече спорттук мекемелердин курулуусу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу КТРК Спорт каналында Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков билдирди.

«Мэрия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бардык тиешелүү адистерди чогултуп, аталган иштин үстүндө иштеп жатат. Спорттук комплексти куруу үчүн шаардын түштүк бөлүгүнөн 30 гектар жер бөлүнөт. Азыр 12 гектар жер өткөрүлүп берилди, жакында мэрия дагы 18 гектар жер берүүгө тийиш. Андан кийин этабы менен иш башталат«, — деди  Аскар Салымбеков.

Салымбековдун айтымында, спорт шаарчасына төмөнкү объектилер курулат:

  • 30-35 миң орундуу футболдук стадион;
  • 7-8 миң орундуу универсалдуу спорт ордосу;
  • 5 миң орундуу муз аянтчасы;
  • 3 миң орундуу жабык бассейн.

Эске салсак, Мамлекеттик жана жарандык керектөөлөрдү камсыздоо, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында Бишкекке «Спорт шаарчасын» куруу үчүн Чыңгыз Айтматов проспектиси № 86/2 дарегинен 12 гектар жер бөлүп берүү боюнча токтомго Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 6-сентябрда кол койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM