Биз менен байланышыңыз

«ЖКдан мыйзам жазуу функциясын алып салууну колдобойм»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2019 | 501 | 0

Жогорку Кеңештен мыйзам жазуу функциясын алып салуу демилгесин колдобойм. Анткени депутаттар эл тарабынан шайлангандыктан парламент мыйзам чыгаруучу орган болушу керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү калктын оюн угуп, анын негизинде мыйзам жазат.

«Президент демилге көтөрө албайт, бирок мыйзамдарга кол коёт. Бул жерде да рычаг бар. Элге керек эмес болсо, кол койбой коёт», — дейт Төрөбаев.

Ал буга кошумча, каражат жок болгондуктан бийдик өкүлдөрү чече албаган маселелер көп экенин, мындан улам алар алсыз болуп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM