Биз менен байланышыңыз

Эки облус дүйнөлүк “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын алышы мүмкүн

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 751 | 0

Кыргызстандын эки облусуна “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын берүү үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет.

Ысык-Көл облусу «Боз үй шаары» жана Нарын облусу «Кийизден жасалган шаар» наамына көрсөтүлүп жатат.

Облустарга эл аралык аймактык бренддин берилиши аймактагы элдик кол өнөрчүлүктүн, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн шарт түзөт. Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык бренд берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кол өнөрчулөрдүн шаарын түзүү боюнча демилгечи топтун жумушчу жыйыны болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM