Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Чет элдик жалданма компаниялар алган акчаны жумушту аткаргандар алсын

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 588 | 0

Финансы министрлигинин кызматкерлери ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товарларды сатып алуу боюнча анализ жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товардын 112 түрү бар. Товардык номенклатуранын 35 түрү жана кызмат көрсөтүүнүн 7 түрү боюнча жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, ушул жылдын 8 айында ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуунун үлүшү 2018-жылга салыштырмалуу 11,8% жогорулап, жалпысынан 47,8% , башкача айтканда, 23,4 млрд сомду түздү.

Азык-түлүк боюнча, сүт, суу, мөмө-жемиш сатып алуу 99 %ды түзүп, алдыда турат. Курулуш материалдарын сатып алуунун көрсөткүчү – 90 %дан ашык. Ал эми күйүүчү — майлоочу май жана медикаменттер негизинен чет өлкөдөн алынып келинет.

Өкмөт башчы товар толугу менен Кыргызстанда өндүрүлгөнүн тастыктай турган Соода жана өнөр жай палатасынын сертификаты бар ишканалардан өлкө боюнча 20сы бар экенин маалымдады. 92 ишкана чийки затты гана импорттойт.

«Мисалы, мамлекеттик инвестициянын эсебинен курулуп жаткан жолдорду салууда буюртманы чет элдик жалданма ишканалар алса, ал эми жумуштарды субподрядчик аткарат. Алар болсо, биздин эле компания жана анда иштегендер да биздин эле жумушчулар. Эмне үчүн биз аларга тендерди утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүп бере албайбыз. Чет элдик жалданма компаниялар алып жаткан акчаны жумушту аткаргандар алсын», — деди премьер-министр.

Буга байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну жогору коюу менен,  ата мекендик компанияларга зарыл болгон жардамдарды берүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM